www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жаныбарлардын майын көп колдонуу ден-соолукка зыян”, - деди NazarNews маалымат агенттигине элдик даарыгер Дүйшөн Чомоев.
--“Негизи эле байыртадан эле бизде ар кандай жаныбардын майын адамдын денесине сүйкөп даарылап келишет. Муну дагы этияттык менен колдонбосо болбойт. Айрыкча кичинекей балага майды көп сүйкөсө өтө ысыктап кетет. Кийин көп ооруларга чалдыгып кыйналат. Ошондуктан койдун майын же башка жаныбарлардын майын адамдын денесине сүйкөгөндө ооруну аныктап анан азыраак колдонуу зарыл. Көпчүлүк адамдар кашкулак, суу, карышкыр жана ит сыяктуу жаныбарлардын майын колдонушат.
Айрымдары тескерисинче кээбир ооруларын козгоп алышат. Май адамды ысыктатып жиберет. Муну суук жандарга гана колдонуш керек. Азыркы учурда мечиттерде бир майды колдонуп жатышат. Ал боор, өт сыяктуу адамдын органдарын талкалайт. Ошондуктан чет өлкөдөн келген майларды абайлап колдонуу зарыл”, - дейт Чомоев.
Булак: NazarNews.kg