www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖК үчүнчү окууда токтоп турган «Бейөкмөттөр жөнүндө» мыйзамдын долбоорун токтоосуз кабыл алышын талап кылалы. Мындай пикирин экс-депутаты Надира Нарматова өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«ЖК үчүнчү окууда токтоп турган «Бейөкмөттөр жөнүндө» мыйзамдын долбоорун токтоосуз кабыл алышын талап кылалы. Биротоло НПОлор жүгөнүн үзүп, көчөгө чыгып алышты. Ар кандай маселени саясатташтырып, тема көтөрүп, пикет, митинг кылып, гей, лезбиянка, ЛГБТларын чогултуп, күндө каалаган жерине чыгып, кыйкырышат.

Ак үй, көк үйдү, ИИМ менен УКМКны эрмектеп, оюнчук кылып алышты биротоло. Кыргызстандын тагдырын ушулар чечип калдыбы! Же коррупция менен ушулар күрөшүп калганбы! Мамлекеттеги кадрларды ушулар чечип калдыбы, ким иштейт, ким кетет! Намысыңар барбы депутаттар! Кайда намыскөй эр жүрөк кыргыздын жигиттери! Кыргыз элинин ар намысын, нарк насилин тешиктен кирип алып, тебелеп жатышса, тамаша кылып олтура бергиле!

Даяр мыйзамды кабыл алып, мыйзам менен куралданткыла укук коргоо органдарын. Темирдей тартип, көзөмөл болуш керек мамлекетте. Эмнени күтүп жатасыңар?!», - деп кошумчалаган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости