www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Надира Нарматова учурдагы кырдаалга байланыштуу президенттин жүргүзгөн саясатына каршы жасалган "саботаж" бар экенин айтып, “күчтүү команда түзүшүңүз керек” деп президентке кайрылды.

“Бүгүн Коопсуздук Кеңешинин жыйынтыгында үч ай мурун айтылган сөздү аткарбаган, бүгүнкү оор күндө проблема жаратканга түздөн түз жоопкерсиздик менен мамиле жасаган Саламаттыкты сактоо министри командасы менен кошо токтоосуз иштен бошотуш керек болчу!

Кечиримдүүлүктүн, сабырдуулуктун, колдоонун чеги болуш керек.

Байдын уулу болсо да, Саламаттыкты сактоо тармагында менмин деген, жоопкерчилиги бар, өз ишин билген кесипкөй, курч, күчтүү менеджер  адистер толтура. Азыр меники, сеники кыла турган акыбал эмес. Иштей турган врачтардан карап, жоопкерчиликти ала турган кадрга ким экендигине карабай бериш керек.

Комендаттык саат, карантин, ар кандай чечкиндүү кадамга президент менен премьерге мүмкүнчүлүк бар. Сыйпалата турган, эскерте турган убак эмес, аскердик талап болсун. Иштеше албайбы башкаларга мүмкүнчүлүк бериш керек. Мындай оор сыноо болуп жатканда. Бүгүнкү күндө президенттин эч кимди аягоо акысы жок. Былжырап бар жоктун ортосунда жүрүп, кыңкылдагандын баарын тазалаңыз.

Эл кол чаап колдойт. Урушта туруш жок деген! Бүгүнкү күндө вирус менен элдин ортосунда согуш жүрүп жатат. "Мүчүлүштүк кетти "-деп турат кыңкылдап.

Коронавирус күндөн күнгө өсүп жатат. "Лаборотория даяр "- деп убада берип, эми даяр -эмес болуп калды деп олтурганы кандай?

Мындай тармактык министрге кечирим болобу! Темирдей тартип талап кылыш керек. Болуп көрбөгөндөй чечкиндүү кадамдарга президент барыш керек. Эркелешкендин мөөнөтү бүттү. Өкмөттүн курамына жооп бериштин мөөнөтү келип жетти”.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости