www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва шаарындагы Коммунарка айыл аймагында жайгашкан №40 жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Денис Проценконун коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Маалыматка ылайык, башкы дарыгердин абалы канааттандырарлык, бирок ал ооруканада жатат.
"Коммунаркадагы ооруканада башкы дарыгердин вирусту жуктуруп алганына байланыштуу кошумча чаралар жүргүзүлүп жатат. Белгилүү болгондой бул оорукана коронавирус менен жабыркаган бейтаптарды алгачкылардан болуп кабыл ала баштаган. Ал эми бул илдетке кабылган Денис Проценко 24-мартта Орусияда коронавирус боюнча кырдаал Италиянын сценарийи сымал өрчүшү мүмкүн экендигин айтып жаткан", - деп жазылат маалыматта.
Маалым болгондой, 24-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин аталган ооруканага барган. Анда ал бейтаптар, анын ичинде башкы дарыгер Денис Проценко менен дагы жолуккан.
Буга байланыштуу Владимир Путиндин маалымат катчысы Орусиянын президенти коронавируска карата ар дайым тест тапшырып турарын жана учурда анын саламаттыгы жакшы экенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg