www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин V-чакырылышын депутаты, Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго ыраазычылыгын социалдык тармагы аркылуу билдирди.
--Өлкөбүздү апаат каптап, коркунуч туудуруп турган мезгилде, апаатка каршы күрөшүүдө, элине колдоо көрсөткөн азаматтарга: “Атаңа рахмат! Кем болбо! Сени ааламга келтирген Аллага ыраазыбыз. Сени жараткан ата-энеңдин эки дүйнөсү абат болсун!”, - деп ыраазычылык билдирип, алкап туралы. Башка сөздүн кереги жок! "Алдыңа өрүк келсе, багын сурабай, унчукпай жей бер"-деген улуу сөз бар. Өзүңдүн колуңдан келбейби, үйүңдөн чыкпай, үй-бүлөңдү сактап олтургун. Ошол сенин кылган чоң жардамың. Тата-пата деп, жардам колун сунган азаматтарга тийишип, чукуланып сөйкөнбө.Бүк түшүп, тек олтургула айрым, жөн олтура албай, чукугучун колунан таштай албай жүргөндөр, жок дегенде карантин мезгилинде дем алгыла!
Азыр бирөөнүн артын чукулап, чукугуч көтөрүп, сасып, ирип, ыплас сөздөрдү жазып, өч ала турган акыбал эмес. Тообо келтирип, шүгүр айтып, апааттан чыгып кетүүнү ойлогула. Анткени 2-3 күндөн бери кол сунган азаматтарды жөн койбой, "Ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын"- кылып, түрдүү постторду коюп, кычыктангандар, үй-бүлөңөргө жок дегенде бир беткап алып бердиңерби?! Айкөлдүк кылып, өз элине марттык кылган азаматтардын чөнтөгүн эсептеп, балакетин аласыңарбы, айрым чукугучтар! Аны текшерчү укук адамдары бар. Койгон постторуңарды окуп алып, апаат каптап келе жатса да мээңерге жетпей арамдык издеп олтурганыңарга жаным ачып, пикир билдиргенге мажбурмун.
Коронавируска каршы күрөшкө каршы жардам берип колун сунган Өмурбек Бабанов 5 миллион сом;
Камчыбек Ташиев 20 000 миң беткап, азык-түлүк;
Аскар Салымбеков 100 000 беткап;
Жолдошбаев 1 миллион сом;
Марлен Маматалиев 500 000 сом;
Раимбек Матраимов жана башкалардын "эмне, акчалары адал, өздөрү арамбы!?” Уят! Пейилди, ниетти оңдогула! Рахмат айткандын ордуна нараазы болуп чукуланасыңар, ар түрдүү божомолдойсуңар. “Жок” деп койсо зордуктайсыңарбы!? Өз эрки менен берип жатышат, демек, элдин алдында өздөрүн “тазамын” деп далилдеп жатышат. Бербей бекиткендердин арты таза эмес. Ачык айткандан, ачыка чыккандан коркушат. Негизгиси кайдан, кантип тапты бизди кызыктырбаш керек. Элге ачык берип жатабы, демек, арты таза! Кайдан тапса да элге беришип жатат. Колунда бар байлардын көп болгону жакшы. Оор күндөрдө элине минтип пайдасы тиет. Ынсап берип, жардам берчү бай-азаматтардын катары көбөйсүн! Кыргыздын колунда бар, бай балдарына ынсап берип, бергендердин катары көбөйсүн! Оор күндөрдө элге канча жардам сунушса, Аллахым он эселеп берет. Ошондуктан, тили-тишиңерди тийгизбей, ынтымакчылыкта, биримдикте болуп, ачып, кычып, сасып, ирип, какшык сөздөр менен жазбастан, ыраазычылык гана билдирип туралы, айланайындар!
Өз каалоосу менен элге бердиби, демек, ал адам-чыныгы март адам, март жигит, элдин уулу деп билгиле! Оор күндө өз элин багып алчу кыргыздын мыкты жигиттери бар экен,Аллага шүгүр. Жараткан Аллага мактоолор болсун! Эл багаар балдарыбыз аман болсун,-деп жардамга жараган азаматтарга дуба кылып, ыраазычылык билдирип туралы!
“Кыйын кезде Райым кайда, жардам бербейби дейсиңер.Мына Райым Матраимов эл башына оор күн түшкөндө карапайым элге жардам берет экен. Сузак районуна 100 тонна ун, 10 тонна өсүмдүк май, 30 миң беткап (маска) жөнөтүлөт. Мындан сырткары Кара-Суу, Ош, Баткен жергесине да ушундай жүздөгөн тонна азык-түлүк жөнөтүлөт”,- деп жатат. Өлкөдө байлар толтура, алардын адамгерчилик сапаты ушундай күндө билинет”, - деген пикирин билдирди Надира Нарматова.
Булак: NazarNews.kg