www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунан кичи ажылыкка 16 киши барып келген. Алар: Караколдон 3, Түптөн 4, Ак-Суудан 2, Чолпон-Атадан 1, Жети-Өгүздөн 6 тургуну болушкан.
Сауд Арабияга умрага барып келген Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун эки тургунунун анализдеринин жыйынтыгы таза чыкты. Бул тууралуу облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Мирбек Сагынбаев билдирди.
“Коронавирустун жайылуусун алдын алуу боюнча облустук штабдын жыйынында директор эки жарандын коронавируска кабылбаганын кабарлады”, — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Ысык-Көл облусунан умрага 16 адам барып, алардын ичинен бир киши коронавирус аныкталгандар менен чогуу бир каттамда келгендиктен, изоляцияланган.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаковдун маалыматы боюнча, 2020-жылдын 21-мартындагы эрте мененки саат 9-00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталды. Ооругандардын жалпы саны – 12 адам.
Жаӊы очоктор Баткен (1) жана Сузак (5) райондорунда аныкталды.
Булак: NazarNews.kg