www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутат Надира Нарматова өзүнүн Фейсбук баракчасынан Батыштын мыйзамдарын киргизүүгө аракет кылып жаткандар тууралуу билдирүү жазып чыкты.
Анын билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилди:
“Жогорку Кеңешке Батыштын нанын жеп, акчасын алып, тарбиясына сугарылып калган 20га жакын депутаттар кирип алган. Мамлекеттин ички саясатын талкалап жатышат. Түрдүү партиялардын тизмесине кирип, ЖКнын микрофонун пайдаланып, өздөрүнүн жүзүн көрсөтүүдө. Батыштын мыйзамдарын киргизишүүдө" -деп, кан какшап айтып келем.
Маани берген киши болбоду.
Өткөндө НПОлор жөнүндө мыйзамды биринчи окууда кабыл алганда 20га жакын депутаттардын жүзү ачылды, кимдер экендиги билинди. Дагы деле бизге жетпей жатат.
Мына жыйынтык.
2010- жылы кабыл алынган конституциядагы батыштын багыты. Конституциянын баш аламандыгы. Бүгүнкү күндөгү Конституциянын талапка жооп бербегендиги. Конституцияны өзгөртүүнүн зарылдыгынан көрүнүп турат. Экинчи бир эле мисал, 13 миллион евро сарпталган 5 кодекстинтин тагдыры, жазылышы, кабыл алынышы.
Бүгүнкү күндөгү кодекстердеги баш аламандык. Мыйзамдардагы алешемдиктерден эле көргүлө! 5 КОДЕКСти ошол Батышчыллар жазышкан. Батыштан сугарылгандардын таасири менен, 5 кодекстен кийин, мурунку бийлик башындагылардын, таасири менен ТҮКҮРҮК, ЧИМКИРИК деген терминдер келип чыкты. Анткени алар өздөрү билишет болчу. Каалагандай кодексттерин кабыл алдырып алып,анан ЖКнын депутаттарын "чимкирик, түкүрүк, какырык"-деп каалагандай аттарды өздөрү коюп берип кетишти.
ӨЗҮБҮЗГӨ ЧАЛА!
Көзүңдү ач, кыргызым! Дагы деле котур ташы бар, бузукуларды койнуңа киргизип, чокуңа чыгарып, мактап, көзүңө сүрткүдөй болуп, өз мекенчил жигит кыздарыңды тебелеп, талап, жаманатты кылып, БАТЫШЧЫ САТКЫНДАРдын күүлөгөнүнө, жаманатты кылганына кошулуп, өз уул, кыздарыңды тебелегенди токтотуп, өз мекенчилдериңди сактаганды үйрөнсөңөр болот эле! Өтө өкүнүчтүү! Баарына өзүбүз себепчибиз. Кыргыздын түбүнө саткын бир ууч кыргыз жетээрин, кыргыздын душманы бир ууч бузуку саткын кыргыз экендигине аңдап жетип, жыйынтык чыгара турган мезгил келди.
Кыргыз мамлекетин,мекенчил, ак жүрөк кыргыз гана сактап калат.
Бириккиле, ынтымакта болгула!
Саткындарга кыргызстанда орун жок!”
Булак: NazarNews.kg