www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөт башчы тараптарды жарандардын катышуусундагы акцияларда чыр-чатакка жол бербөөгө чакырат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
«Биздин эл аялдарга өзгөчө сый мамиле кылып, салттуу баалуулуктарды сактап келген. Үй-бүлөдөгү жана коомдогу айымдардын ролу дайыма өзгөчө болуп келген. Биз бул баалуулуктарды бүгүн да сактап, сыйлашыбыз керек. Укук коргоо органдары тынч жарандарды коргоо жана чыр-чатактарга жол бербөө үчүн акыркы чараларды көрүүгө тийишпиз. Ал эми акциялардын уюштуруучулары катышуучулардын алдындагы жоопкерчилигин сезип, чагымчылдыкка жол бербөө үчүн бардык кадамдарга баруусу зарыл», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы Ички иштер министрлигине акцияларды өткөрүү учурунда мыйзам чегинде тартипти камсыздоону тапшырды.
Булак: NazarNews.kg