www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев базардагы жана дүкөндөгү азык-түлүктүн запасы менен баасына күн сайын мониторинг жүргүзүп турууну облус жетекчилерине тапшырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-мартта Коронавирус инфекциясынын өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында билдирди.

Анын билдиргенине таянсак, Кыргызстандын базарларында абал туруктуу, айыл чарба азыктары жетиштүү көлөмдө, импорт кыскарган жок. Кыргыз тарап продукцияларды сыртка ташууга кандайдыр бир чектөө кирген эмес, бирок эң зарыл товарларды ташып чыгуу көлөмүнө көзөмөл жүргүзүлүп жатат. "Өндүрүш көлөмү, ташып келүүлөр, баалар боюнча өндүрүүчүлөр, ири соода түйүндөрүнүн жана базарлардын кожоюндары менен жолугушуп, сүйлөшүү зарыл. Биз чийки заттардын көлөмү, ташып келүү боюнча келишимдер, каржылоодогу муктаждыктар жана чет элдик жумушчу күчтөрдүн зарылдыгы жөнүндө билишибиз керек", — деди Асрандиев.

Эске салсак, буга чейин коронавирустун өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген кесепеттерин азайтуу боюнча республикалык штаб түзүлгөн. Вице-премьер анын алкагында райондордо жана облустарда штабдарды уюштурууну тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости