www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нариман Түлеев өзүнүн биринчи вице-мэр жана мэрдин милдетин аткаруучулуктан кетүү боюнча жазган арызын кайтарып алды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

"Биз, Бишкек шаарынын мэриясы, учурда калаа жетекчисинин милдетин мыйзамдуу түрдө аткаруучу болуп вице-мэр Нариман Түлеев эсептелерин расмий билдиребиз. Аны 21-октябрь күнү отставкага кеткен мурдагы жетекчи Азиз Суракматов дайындаган", — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө караганда, Бишкек шаардык кеңешинин КСДП, "Өнүгүү — Прогресс" жана "Республика — Ата-Журт" фракциялары өзүн-өзү мэр деп алгандарды тааныбайт.

Ошондой эле шаар жетекчилигинен, мыйзамга ылайык, муниципалдык кызматкер арыз жазгандан тарта, эгер жетекчилиик ага кол кое элек болсо, үч күндүн ичинде чечимин өзгөртсө болорун кошумчалашты.

"Түлеевди кызматтан бошотуу боюнча чечим бүгүнкү күндө жок. Андыктан ал юридикалык жактан дагы, факты түрүндө дагы биринчи вице-мэр боюнча калат", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 21-октябрда Бишкек шаардык мэриясынын алдына Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышын мыйзамсыз деп эсептегендер митингге чыгып, анын тарапташтары менен чатакташа кеткен.

Анын эртеси Наримин Түлеев мэрдин милдетин аткаруудан да, вице-мэрликтен да баш тартып арыз жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости