www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бадыраң өстүргөндөн башканы билбей Текебаевдин командасына кошулуп тили менен жер жалагандар бар. Мурунку бийликти жоготуп элди жыргатабыз деген жөн эле саясий амбициясы экен. Анткени, Ак үйдү өрттөшүп, жанталашып бийлик талашып киришти. Ачка турган элди ойлогон эч ким жок, Кыргызстан мыйзам талаасынан чыгып, мүңкүрөп калды. Кечээ эле Текебаевдин командасында калкты жыргатам деген Тилек Токтогазиев айыл чарба министрлигине келгени катуу иштеп жаткандай болгон бирок көп өтпөй айлык маянасынын аздыгын, кызматкерлердин иштөө абалы айтып чыкты. Эмне Токтогазиевге алтындан айлыгына берсинби?
“Башка министрликтерге салыштырмалуу бул жактын айлыгы аз экен. Жакшы адистерге жакшы маяна төлөп бергидей кылышыбыз керек. Иштөө шарттары дагы начарыраак экен, мисалы жылуулук жок, суук. Ушунун баарын акырындык менен ордуна алып келебиз. Документтердин бардыгы кагаз түрүндө экен. Аны электрондук форматка өткөрүү зарыл”, — деди министр Тилек Токтогазиев.
Качан жумушчулардын иштөө шартын оңдоп бергенде гана ишин так билген адис кызматкерлерди сактап каларын белгиледи.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости