www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Той-аштарга чектөө кайра күчөтүлөт

Той-аштарга киргизилген чектөөнү күчөтүш керек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктургандардын саны күндөн-күнгө өсө баштады.

"Саламаттык сактоо министрлиги тойлорду, массалык иш-чараларды токтотуу боюнча өкмөткө сунуш киргизип жатат. Министрлик чектөө киргизүүдө өз алдынча токтом кабыл ала албайт. Бүгүн бул маселени биринчи вице-премьер менен дагы талкуулайбыз. Эгер алар сунушубузду кабыл алса, анда той-аштарга чектөө мурдагыдан да күчөйт. Билсеңиздер, тойлорго чектөө коюлган токтом мурда эле чыккан. Бирок аны аткарган адам жок, ошону күчөтүү зарыл", — деди министр.

Белгилей кетсек, өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 420 кишиден аныкталып, жуктургандардын жалпы саны 56 170ке жетти.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости