www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Nazarnews маалымат агенттиги жарандык активист Самсаалы Четинбаевди кепке тартып, мурдагы спикер Дастан Жумабековго козголгон кылмыш иши боюнча пикир алыштык.
-Самсаалы мырза, Дастан Жумабековго добуштарды сатып алуу боюнча козголгон кылмыш иши мурунку бийликтин кадырларын кодулоо эмеспи? Шайлоо жокко чыкса да добуш сатып алдың деп кылмыш ишин козгоо туурабы?
-Чаң тополоңдун баары ошол добуш сатып алуудан чыкты. Жээнбековдун бийлиги так ошол замат Дастан Жумабековду партиясы менен шайлоодон четтетиши керек болчу. Тилеке каршы, ал жумуш өз убагында жасалган жок. Мыйзам тандоо жолу менен иштелгенине, мыйзам бузуу болсо да бийлик өз партиясына чара көрбөгөнүнө эл нааразы болуп кала берди. Элдин калыссыздыка жини топтолуп олтуруп, 6- октябрда чыдабай жарылып кетти. Кесепетине баарыбыз күбө болдук. Ак үйүбүз өрттөлүп, президентибиз 1-2 күн дайынсыз жоголуп, андан аары кызматынан кол жууп олтуруп калды. Бир жигитибиз каза болуп бир тобу майып болуп, көздөрүнөн ажырап калды. Ушунун баарына убагында мыйзам чегинде чара көрбөгөн ошондогу Жээнбеков башында турган бийлик өкүлдөрү күнөөлүү.
Шалакылыктын кесепети өлкөбүз үчүн чоң чыгашага алып келди. Дүйнө коомчулугунун алдында, «кыргыздар мамлекет катары калыптана албай атат» деген сыяктуу жагымсыз сөзгө калдык. Кыргызстан мамлекет катары аброюн жоготту. Инвестициялык климат бузулду, сырткы ишенич азайды. Бул өтө кейиштүү жаман көрүнүш.
Ушунун баарына ким күнөөлүү? Албетте, мыйзамды тоготпой же билбей шайлоо убагында ачыктан ачык областын губернаторун жанына кошуп алып, сүйүнчү акча демиш болуп акча таркаткан Дастан Жумабековго окшогондор күнөөлүү. Өз убагында чара көрбөгөн бийлик күнөөлүү. Жогорку Кеңештин спикери болуп туруп ошондой осол иш кылганы жеткен акмакчылык. Элди, мыйзамды сыйлабастык.Так ошондойлодун айынан мамлекетибиз артка кетип, дүйнөлүк аренада кадыр-баркы түшүп атат.
Бул жерде эч кандай мурунку бийликтин кадырларын кодулоо жок. Иш козголсо факты менен козголду. Келечекте ушундай мыйзамды тоготпогон көрүнүш кайталанбасын десек, андай мыйзамды билбеген же билип туруп тоготпомуш болгондорго сөзсүз мыйзам чегинде чара көрүлүшү шарт. Антпесек туура жолго түшө албайбыз.
Булак: NazarNews.kg