www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын  мэринин кызматын аткаруучу Нариман Түлеев кызматтан кетип жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы тараткан анын кайрылуусунда айтылат.

“Өткөн жумадан баштап, коронавируска байланыштуу оор кырдаалга байланыштуу мени Азиз Суракматов Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин кызматын аткарууну суранды, мен кабыл алдым. Азиз Эмилбекович жакшы иштеди, бирок ал шайлоого барууну чечти, мыйзамга ылайык, мен мэрдин милдетин аткара баштадым”, – деп айтылат билдирүүдө. 

“Мен жада калса иш менен мен таанышканга үлгүрбөй калдым, креслонун тегерегинде ар кандай топтордун ыплас мушташтары башталып кетти.. Биз президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров менен мэрдин милдетин аткаруучу кызматтан кетем деген чечим кабыл алдык. Ошондой эле, анын макулдугу боюнча, биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев Бишкек шаардык кеңешинин чакырылышынын мөөнөтү аяктаганга чейин (2021-жылдын 11-апрели) мэрдин милдетин аткарат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости