www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош ШИИБинин региондор аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан опузалап талап-тоноочулукка шектелип, мурда соттолгон 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Ош облусунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун жарандык укугун коргоп берүү боюнча арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жаран арыздануучудан коркутуу жолу менен 100 миң сом өлчөмүндө акча же 5 сотых жерин өткөрүп берүүнү талап кылганы айтылган.

"20-октябрда Ош ШИИБинин региондор аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районуна жергиликтүү тургундарынын мал-мүлкүн коркутуу жолу менен тоноп жүргөн жаранды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада 1986-жылы туулган Ж.У. аттуу жаран опузалоо жолу менен 10 миң сом акчаны алып жаткан жеринен кармалган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Кылмышка шектүү буга чейин Орусиянын аймагында талап-тоноочулук менен соттолгон жана криминалдык чөйрөдө "Положенец" каймана аты менен жүргөн", - деп айтылат маалыматта. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости