www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын райондук прокуратурасынын сунуштамасынын негизинде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгынын доо-арызын Нарын облустук сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы толугу менен канааттандырды. 

Доодо Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 1996-жылдын 4-мартындагы №170 буйругун жараксыз деп табуу өтүнүчү коюлган. Соттун чечими менен Нарын районуна караштуу Миң-Булак айыл аймагындагы Кур-Терек участкасында жайгашкан айыл чарба багытындагы 6 гектар сугат айдоо жери  мыйзамсыз берилгени аныкталды.

 Аталган чечимдер Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарын, ошондой эле 1995-жылдын 3-ноябрындагы №297 Президенттин Жарлыгын бузуу менен кабыл алынган.
Жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер аянты мамлекеттин менчигине кайтарылды. 

 

Последние новости