www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Жумгал районунда психикалык жактан оорулуу катары каттоодо турган 3 жаранга айдоочулук күбөлүктөр берилген. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган райондун жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жооптуу кызмат адамдары каттоодо турган аталган 3 жаранга «психикалык жактан оорубайт» деген медициналык корутундуларды беришкени аныкталган.

Мындан улам Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин Жумгал сектору тарабынан аталган жарандарга “В, С” категориясындагы айдоочулук күбөлүктөр берилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү(кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Последние новости