www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин Индиянын түндүгүндөгү террордук чабуулду ырайымсыз кылмыш деп атап, индиялык кесиптеши Драупади Мурму менен Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге көңүл айтты. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жарыяланган телеграммада айтылат.
"Бул ырайымсыз кылмышты актоого болбойт. Биз анын уюштуруучулары менен күнөөкөрлөрү татыктуу жазасын алышат деп күтөбүз", — деп айтылат телеграммада.
Путин ошондой эле "терроризмдин бардык формаларына жана көрүнүштөрүнө каршы күрөштө индиялык өнөктөштөр менен кызматташууну арттырууга" даяр экенин билдирди.
22-апрелде өлкөнүн түндүгүндөгү Джамму жана Кашмирдин союздук аймагындагы Пахалгам шаарында 20дан ашык киши, анын ичинде эки чет элдик атылып өлтүрүлгөн. News18 телеканалынын маалыматына караганда, кол салууну Индияда "Каршылык көрсөтүү фронту" деп аталган террордук уюмга кирген адамдар жасаган.
Кол салууну Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы, АКШнын, Гайананын президенттери, Италиянын премьер-министри жана башкалар айыпташты.