www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында өзгөчө кырдаал жарыяланды

Нарында селден улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен айрым райондордо турак жайларды суу каптаган. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, Нарын шаарынын түштүк тарабында да сел жүрдү. Булак жана Мазар-Булак көчөлөрүнүн боюндагы 50гө жакын турак-жайды жана короолорду суу каптаган. Табигый кырсык Кочкор районундагы Сары-Булак-Арчалы унаа жолунда да катталып, унаа кыймылына тоскоолдук жараткан.

"Жергиликтүү тургундардан эч ким жабыркаган жок. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга 37 куткаруучу жана атайын техника тартылган", - дешти министрликтен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости