www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун Ат-Башы районунда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим - изилдөө институтунун хирургдары, “Бости Кейжи” медициналык компаниясы менен биргеликте, карынчанын кемтиги бар 5 жаштагы кызга биринчи жолу жүрөккө операция жасашты. Бул тууралуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий - изилдөө институту билдирди.
Институттун директору Таалайбек Кудайбердиевдин айтымында, кыздын карынчанын арткы бөлүгүнүн кемтиги, артериялык патенттүү канал жана жогорку өпкө гипертониясы болгон.
“Биз тарыхта биринчи жолу, Мобилдик Жүрөк хирургиясы долбоорунун алкагында, Нарын облусунда жүрөккө операция жасадык. Жалпысынан 2,5 саатка созулуп, ийгиликтүү болду. Кыз палатага которулуп, өзүн жакшы сезип жатат”, - дейт.
Эске салсак, Мобилдик жүрөк хирургиясы долбоорунун алкагында жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий - изилдөө институтунун адистери буга чейин Баткен жана Ош аймактарында акысыз операцияларды жасашкан.
Булак: NazarNews.kg