www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облустук соту “аялын сабап өлтүрдү” деп соттолгон адамдын өкүмүн күчүндө калтырды. Бул иш облустук сотто 4-августта каралганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

2020-жылдын 12-майыда Кочкор райондук сотунун өкүмү менен жергиликтүү тургун Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун (Ээнбаштык максатында ден соолукка оор зыян келтирүү) негизинде күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган жана ага 110 миң сом айып салынган.

Жабыркаган тарап сот ага жеңил жаза берип койгонун айтып облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Аялдын өлүмү тууралуу факт 1-январда Кочкор районунун ички иштер бөлүмүндө катталган. Милициянын маалыматына караганда, окуя жаңы жылга караган түнү Жаңы-Жол айылында болгон. 37 жаштагы келиндин сөөгүн текшергенде анын оң көзү жана чыкыйы көгөрүп калганы байкалган. Кылмышка шектүү катары маркумдун күйөөсү камакка алынган. Ал аялы менен уруша кеткенин, эки жолу жаакка муштап, андан соң каракушка бир жолу тээп жибергенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости