www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россиянын жана Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Виталий Сергеевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын туугандары менен жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Медицина илимдеринин кандидаты, доцент Сергеев Виталий Прокопьевичтин дүйнөдөн кайткандыгын терең кайгыруу менен кабыл алдым. Дүйнөдөгү эң ардактуу жана керектүү кесипке өзүн арнаган жүрөгү кенен, өтө талантуу жана колу алтын жердешибиз көз жумду. Виталий Прокопьевич Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон. Анын эмгеги жана билиминин артынан эң жаңы ыкмалар жана технологиялар киргизилип, кыргызстандыктарга жүздөгөн татаал жана уникалдуу операциялар жасалды. Виталий Сергеев өз ишмердиги менен „СССРдин элдик дарыгери“, Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу орденине татыктуу болуп, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик сыйлыктарына ээ болду. Ал — Ош шаарынын ардактуу атуулу. 2015-жылы Виталий Сергеев атындагы саламаттыкты сактоону өнүктүрүү боюнча кайрымдуулук фонду ачылган.

Сиздерге терең кайгыруу менен көңүл айтам, сиздер менен бирге орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөм. Сергеев Виталий Прокопьевичтин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эске салсак, 2020-жылдын 2-августунда 89 жаш курагында, саламаттыкты сактоонун мыкты уюштуруучусу, СССРдин элдик доктору, Россиянын Эмгек сиңирген дарыгери, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери жана куруучусу, Ош облустук клиникалык ооруканасынын мурунку директору, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Виталий Сергеев катуу оорудан улам көз жумган.

Виталий Сергеев 1931-жылы Тажикстандын Афганистан менен чектешкен жеринде туулган. 1935-жылы үй-бүлөсү Фрунзе шаарына көчүп келип, орто мектепти жана Кыргыз медициналык институтун аяктаган.

Виталий Сергеев эмгек жолун 1955-жылы Кыргызстандын түштүгүндө, Өзгөн райондук борборунда айылдык хирург болуп баштаган. Андан кийин Өзгөн райондук ооруканасынын башкы дарыгери болуп дайындалган. 1964-жылы Ош облустук клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери болуп дайындалган.

1976-жылы Виталий Сергеевдин демилгеси менен 800 орундуу көп тармактуу оорукананын жаңы имараты курулуп, пайдаланууга берилген. Ошол эле учурда маданий жана турмуш-тиричилик объектилери да курулган: алар 260 орундуу жаштар үчүн жатакана, 280 орундуу бассейндүү бала бакча, 90 батирлүү турак үй, тиричилик үйү, ашкана, кафе, спортзал жана клуб.

Иштеги ийгиликтери үчүн, ал жетектеп турган коллектив жети ирет Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин, СССРдин жана БСПБКнын дипломдору жана Кызыл туулары, СССРдин ВДНХ дипломдору жана сыйлыктары менен сыйланган. Облустук оорукананын базасында республикалык жана бүткүл союздук съезддер жана жыйындар өткөрүлүп турган.

Отуз жылдык башкы дарыгерлик ишмердиги учурунда ал көптөгөн кадрларды даярдап, анын жетекчилиги астында жана анын түздөн-түз катышуусу менен 1300 дарыгер жана 21000 фельдшер даярдалып, билимин өркүндөтүп, облустук оорукананын дарыгерлери тарабынан 9 диссертациялык иш корголгон.

Ата Мекен анын эмгегин жогору баалады. 1991-жылы Сергеевге «СССРдин элдик дарыгери» деген ардактуу наам ыйгарылган, ал Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, ошондой эле СССРдин жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган.

Ош шаарынын ардактуу атуулу, анын урматына облустук оорукананын имаратына мемориалдык такта орнотулган. 2015-жылы В. Сергеев атындагы саламаттыкты сактоону өнүктүрүү боюнча кайрымдуулук фонду ачылган.

1994-жылдан бери Сергеев Виталий Прокопьевич Калугага жакын жайгашкан Мстихино айылында жашап жаткан. Коомдук иштерге активдүү катышып келген, үй кеңешинин төрагасы жана аймактык коомдук башкаруунун төрагасынын орун басары болуп иштеп турган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости