www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-августта брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин ден соолугунун абалы тууралуу суроого жооп берди.

“Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында керектүү дарылоодон өтүп, калыбына келтирилген. Эртең, 6-августта ал жумушка чыгат” – деди ал.

Эске салсак, 8-июлда Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмония менен ооруп, анын орун басары Үсөнбаевге коронавирус диагнозу коюлгандыгы белгилүү болгон. 9-июлда Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалыматты тастыктаган. Андан кийин Абдикаримов да, Үсөнбаев да чет өлкөгө дарыланууга кетишкен деген маалымат тараган. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги бул билдирүүнү четке каккан. Сабиржан Абдикаримов илдеттен айыгып, 3-августта жумушка чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости