www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ильшат» коомдук фонду жалпы баасы 10 150 000 млн сом болгон 5 тез жардам унаасын медициналык мекемелерге берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров өлкө үчүн оор мезгилде жарандар, ыктыярчылар жана медицина кызматкерлери коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүп жатканын белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан өз ден-соолугун тобокелге салып, мекендештеринин өмүрү үчүн күрөшүп жаткан дарыгерлерибизге ыраазычылык билдирем. Алар эл-жерге жана өлкөгө кызмат кылуунун чыныгы үлгүсүн көрсөтүштү. Медицина кызматкерлерине ыктыярчылар талыкпай жардам беришти. Аларга да ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин эмгегиңиздердин аркасы менен кырдаалды жөнгө сала алдык», - деди вице-премьер-министр.

Белгилей кетсек, «Ильшат» коомдук фонду COVID-19 пандемиясы маалында активдүү иш жүргүздү.

Белгиленген мөөнөттө чогултулган каражаттар атайы автотранспорт, медикаменттер, жеке коргонуу каражаттары, медициналык жабдуулар, ошондой эле республиканын жети облусундагы жана ири шаарлардагы дарыгерлер жана калкты тамак-аш продуктулары менен камсыздоого багытталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости