www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ливан Республикасынын Президенти Мишель Аунга Бейрут шаарындагы жарылуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Ливандын борбору Бейрут шаарында болуп өткөн кырсыктын кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кыргыз эли каза болгондордун жакындарына кайрат айтат жана алардын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөт. Бардык жабыр тарткандардын тез сакайышын тилейм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости