www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-февралда Бишкекте бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдоо митинги өтүп жатат. Митингге Нарындан бери келген айым Райымбек Матраимов пандемия учурунда элге, жети облуска жардам бергенин айтты.

--"Мен Нарындан бери келдим. Мен Райымбек Матраимовду көргөн эмесмин. Мен ал адамды кылган ишинен тааныдым. Пандемия учурунда Матраимовдон кыйын миллиардерлер үйлөрүндө жатканда ушул Матраимовдор элди ажалдан ажыратып калуу үчүн ар бир облуска жардам берген", - деди ал.

Мындан тышкары ал журналист Али Токтакуновго кайрылды.

"Райымбек Матраимов бажыда болгону орун басар болгон. Ошол убактагы бажынын башчысы Кулматов жөнүндө эмнеге сөз болбойт? Эмне үчүн Дача-Суда адамдардын өмүрү кыйылды? Ал жөнүндө эмнеге кеп салбайсың? ЖЭБдеги кычкачтар жөнүндө эмнеге кеп салбайсың? "Кыргыз Газы" бир сомго сатылып кеткен. Ал жөнүндө эмнеге кеп салбайсың? Эмнеге Матраимовго эле асылып жатасың? Ал кыргыз элинин жерин сатыптырбы? Бул киши качып кеткенге толук мүмкүнчүлүгү бар болсо дагы качкан жок", - деди Нарын облусунунун тургуну. 

Учурда  Матраимовду колдоо митинги Биринчи Май сотунун алдында уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости