www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Унутчаактыкка себепкер болгон оорулар аныкталды

Унутчаактык адамдагы оорулар туурасында кабар бериши мүмкүн. Бул туурасында Евдокимов атындагы Москва мамлекеттик медициналык-стоматологиялык университетинин Терапевтикалык клиникасынын директору жана терапия кафедрасынын башчысы, профессор Аркадий Верткин айтып бергенин РИА Новости жазды.

"Бул жерде унутчаактык кайсы курактагы адамда пайда болгонун — баладабы, жашы төмөнүрөөк адамдабы же улгайгандардабы, көңүл буруш керек. Эгерде картайгандарын эс тутуму начарлай баштаган болсо, ал коронавирус менен ооруган-оорубаганына карабай дарыгерге кайрылышы керек. Себеби бул өтө маанилүү симптом", — деген Верткин.

Дарыгер улгайган адамдарды унутчаактыкка алып келиши мүмкүн деген төмөнкү илдеттерди атады:

мээдеги кан айлануунун бузулушу;

артериялык кан басымдын көтөрүлүп кетишинен улам кан тамырлардын начар иштеши;

баш сөөк жана мээнин травмалары;

мээнин азыктанып турушун бузуучу жүрөк-кан тамыр ооруларынын көйгөйү;

курч өнөкөт оорулар, диабеттен тарта Альцгеймер оорусуна чейинки илдеттер.

Верткин аны менен катар эле адамдын дене табынын кескин ысып кеткени, себепсиз чарчоону унутчаактык сыяктуу эле коронавирус менен ооругандыкка байланыштырган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости