www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын шаарындагы жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу 70% га аяктады. Бул тууралуу 16-октябрда КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Учурда куруучулар сырткы жасалгалоо иштерин жүргүзүп жатышат, андан кийин ички жасалгалоо иштерин баштайбыз. Курулушта 70ке жакын куруучу иштеп жатат, аба ырайына байланыштуу графиктен кечигип калдык. 10-ноябрга чейин объектини пайдаланууга беребиз деп ишенебиз”, – деди мамлекеттик курулуш комитетинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун кеңешчиси Богачиев Бейшеналы.

Ошондой эле, Нарын облустук бириккен ооруканасынын директору Чыңгыз Нарынбаев “Жаңы ооруканага медициналык жабдуулар жарым-жартылай жеткирилүүдө, бардыгы кампада сакталып турат”, – деп билдирди.   

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости