www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аида Касымалиева «Урматтуу Соорнбай Шарипович, урматтуу кыргызстандыктар, бул күндөр тарыхта калат. Кабыл алынган ар бир чечимди артка кайтарууга болбойт. Бул чечимдер келечекте кандай жыйынтыктарга алып келерин көрөбүз» - деди вице-спикер бүгүнкү Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында.

«Урматтуу Сооронбай Шарипович, бүгүн биз сиздин адамдык кадыр-баркыныз 100 эсе жогорулаганына күбө болдук . Эл сизди эмитен эле сагына баштады. Баары эмне болуп жатканын көрүп жана түшүнүп турат.

Мындай кадам өз өлкөсүн жана элин чын жүрөктөн сүйгөн адамдын кадамы. Бүгүн душмандарыңыз кубанып жатышса, эртең алар бүгүнкүдөй элди кайгыга салат. Бир гана убакыт баарын өз ордуна коет. Сиздин айкөлдүүлүгүңүзгө жана чыдамдуулугуңузга баа бердик, татыктуу президент жана мамлекеттик ишмер гана ушундай кадамга бара алат.

Президент болгонго чейин кайсы бир топтун же бир адамдын кызыкчылыгын эмес, бүтүндөй элдин кызыкчылыгын коргойм деп убада бергениңиз эсимде. Сиз дагы "Мени Кудай өзү эл душманы жана чыккынчы катары ойлоосунан сактасын" деп айттыңыз. Бүгүнкү күндө буга баарыбыз ишендик деп ойлойм», - деди спикер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости