www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Тажикстанда тажиктердин ичинен эле талибдерди колдогондор бар", - деди бүгүн, 10-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Нарынбек Молдобаев.
- Нарынбек агай, Кыргызстанда Ислам Академиясын ачуу маселеси көтөрүлүп жатат. Ислам Академиясы элди диний караңгылыктан сактай алабы?
- Негизи бизди союздун мезгилинде бала бакчадан баштап, Кудай жок, баары материалдык дүйнө деп Маркстын идеологиясы менен тарбиялашчу. Ички рухий дүйнөбүзгө эч качан маани беришчү эмес. Бирок, Алла Таала бар экенин ар бир адам сезип турчу. Кыскасы, ал учурда динге каршы катуу иш жүргөн. Ошондон уламбы биздин муунда кудай жок деген идеологияга сугарылды.
Азыркы жаштардын көбү динге ишенип, кудайды оозунан түшүрбөй келе жатат. Намаз окугандардын да саны да көп. Бирок, көбүнчөсү эч нерсени түшүнбөйт. Айт намазда же жума намазда карап көрсөңөр түшүнгөнү деле, түшүнбөгөнү деле намазга барышат. Ошондуктан, диний караңгылыкты жоюш үчүн агартуу керек, элди туура багытка салган диний окуу жай керек деген ойдомун. Антпесек берген сурооңо жөндөп жооп бере албаган, 2-3 сүрөөнү жаттап алгандар эле айылда имам болуп отурат. Бул жагын эске алсак да, диний жактан сабатсыздыкты жоюу, окутуу зарылчылыгы пайда болуп жатат.
- Демек, Ислам академиясы керек?
- Ооба. Айтайын дегеним, биздин өлкө светтик мамлекет болгондуктан, радикалдуу болбой динди таанып, түшүнүш үчүн Ислам Академиясы ишке кирсе жаман деле болбойт. Анткени, жаштардын көбү караңгылыктан ар кандай диний агымдарга мүчө болуп жатышат. Ошон үчүн Ислам Академиясын ишке киргизиш керек.
- Диний багытта окуткан окуу жайлар деле бар го. Алар аздык кылып жатабы?
- Туура бизде диний багыттан билим берген чыгыш институттары, медреселер бар. Бирок, алар аздык кылып жатат. Ошон үчүн Ислам академиясы ишке кирсе туура болот деп ойлойм.
- Ислам Академиясынын арты менен коомго коркунуч жараткан кыймылдар жайылып кетпейби?
- Элибиз динге берилсин, бирок радикалдуу агымдарга өтүп кетпеши керек. Анткени, радикалдуу агымдар динди жамынып алып, коомго, мамлекетке чоң коркунуч жаратат. Алар жаштарды прогрессивдүү ойлорго эмес, артка тартып коюшу мүмкүн. Кыскасы, терроризмге, жихадка чакырбаган, элдин арасында ынтымакты бекемдеген, билим берген окуу жай болсо биз уттурбайбыз. Тескерисинче көзүбүз ачылат.
- Бул Академиянын арты менен талибандар өз максатын ишке ашырууга аракет кылбайбы?
- Мен билгени Талибан деген кыймыл. Ал кыймыл ислам дини катуу өнүккөн өлкөлөрдө бар. Тажикстанда тажиктердин ичинен эле талибдерди колдогондор бар. Бирок, алардын да терс көрүнүштөрү толтура. Алар “биз өлсөк кудай үчүн өлөбүз. Биз түз бейишке барабыз” дешет. Чынында бул дүйнөнүн өзү бейиш да. Эртең менен туруп, аман-эсен оорубай сыктабай, жаратылышты көрүп, сууларды, бактарды, тоолорду көрүүнүн өзү кандай ырахат.
Бейиш мына ушул жакта. Бирок, эл арасында өлүп тигил дүйнөдө бейишке барган укмуш деген көз караштар орун алып калган. Кыскасы, ислам академиясын элди диний караңгылыктан чыгарса, пайдасы чоң эле болот.
- Эми ал акдемия ислам динин туура багытын жана тандап алабы же каршы чыккан агымдарга туруштук бере албай калабы?
- Туура Ислам дини 10дон ашык агымга бөлүнүп кетет. Ошон үчүн көп учурда бири-бири менен кармашышат. Мусулман мамлекет болгонуна карабай Ирак менен Иран согушчу. Бүгүнкү күндө деле ушундай карама-каршылык жараткан жагдайлар бар. Кыскасы, мына ушундай нерселерди жоюш үчүн диний жактан агартуучулук керек. Билим алган соң элдер өздөрү эмне кылып жатканын түшүнүшөт эле.
Кыргызстанга радикалдуу туура эмес кадамдарга түрткүлөгөн диндин кереги жок. Азыр ансыз деле жер-жерлерге, бай-кедей болуп бөлүнө башташты. Ал турсун эл менен чиновниктин ортосундагы ажырым күчөдү. Мына ушул нерсенин баарын алдын алып, элди ынтымакка чакырышыбыз керек.
Мисалы, көп эле христиан мамлекеттеринде мечиттер бар экенин, мусулман мамлекеттерде чиркөөлөр бар экенин эске алып, эки башка динди тутунабыз деп тирешпей ынтымакта жашап, кылым карытып жаткандарын эске алышыбыз керек. Израилде, Юрисалимде мекеден кем эмес, дүйнө жүзү боюнча үчүнчү орунда турган чоң мечит бар. Жанында беш жүз метр ары жакта чиркөө бар. Канча кылымдан бери эле атаандашпай келе жатышат.
Булак: NazarNews.kg