www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин Нарын облусунун акимдеринин жана орун басарларынын билим деңгээлин сыноо үчүн аттестация болуп өткөн.
Жыйынтыгында Жумгал райондук мамлекеттик администрация башчысы - аким Залкарбек Бозбалаев, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Динара Жунусова жана Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Ишенбек Муканбетов аттестациядан өтпөй калышкан.
Мындан сырткары, Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары дагы аттестациялоонун биринчи этабынан кийинки бөлүгүнө катышууга мүмкүнчүлүк албай калганын кошумчалашты.
Учурда жогоруда аты аталгандар жетекчилик кызматта тагыраагы, өз ордуларында иштеп жатышат. Бул тууралуу Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Комиссиянын чечими премьер-министр Улукбек Мариповго кароого жиберилди. Алардын кызмат ордунда калаары же жумуштан кетерин премьер-министр чечет", - деп билдиришти.
Булак: NazarNews.kg