www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Жалал-Абад шаарында 7 кудуктун капкагы уурдалды

Жалал-Абад шаарында кудуктун темир капкактары уурдалды.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ түнү Жалал-Абад шаарынын Манас проспектисиндеги жолдун эки тарабында сууканал башкармалыгына таандык 7 кудуктун капкагы уурдалган.

«Учурда унааларга ыңгайсыздыкты жаратпоо жана адамдардын коопсуздугу үчүн уурдалган капкактардын ордуна башкасы коюлууда. Эгерде кимдир-бирөө темир капкактардын уурдалганын көргөн болсо же темир алуучу жайлар алган болсо 105, 0551 00-01-05 номерине байланышып коюңуздар», - деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан аталган фактылар боюнча мыйзам чегинде чара көрүлө тургандыгын кошумчалашты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости