www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Светке” баа арзандабаса койсун, кымбаттабаса экен

Марттын дал ортосунда кышкы ызгаар ойноп турган Кыргызстан үчүн эң башкы көйгөйлөрдүн бири “светтин” тарифи. Элдин кыжырлануусунун башаты электр жарыгына байланыштуу болуп, бийлик алмаштырууга да бул аярлуу “свет” таасир берип келатат.

Жапаров Садыр

Садыр Жапаров мамлекет башына келгенде энергетика тармагындагы абал катастрофалык кырдаалга кептелип, 137 миллиард сом (1,5 миллиард доллар) карызга жетип калган. Азыркы энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев ушул эле тармакта министр болуп турган 2014-жылы электрге болгон тариф 700 квт/сааттан соң 2 сом 16 тыйынга көтөрүлгөн. Ал эми тоолуу райондордо 1000 квт/сааттан соң. Садыр Жапаров президенттик шайлоо алдында Нарын облусунун тоолуу аймактарынын калкы менен жолугушууда 2021-жылдын май айынан баштап бул лимиттер алып салынары тууралуу белгилеген. Албетте, бул жакшы ой, бирок 137 миллиард сом карыз акчасы менен турган бул тармак бул лимиттерди алып салсак, таптакыр шал болуп калбайбы? Эгер көпчүлүк калайык-калкты ойлой турган болсок, май айынан баштап октябрга чейин эч ким деле бул лимиттен өтүп кетпейт. Кышкы суукта гана бул лимит таасир бериши мүмкүн. Ал эми чоң-чоң ишканалар, бизнес чөйрөсү, завод-фабрикалар бул тарифке көнүп калды. Аларды арзандатып койсок 137 миллиард сом геометриялык прогрессия менен өсүп кетпейби? Анан ал карыздардын ордун толтуруш үчүн, кайрадан жалпы калайык-калктын жоон-терисинен камчы алып жалпы электрге болгон тариф көтөрүлүп кеткен жатпайбы? Ошондуктан, “светке” баа арзандабаса койсун, кымбаттабаса экен. Өлкөдө бийлик алмашкандан кийин да өкмөт өкүлдөрү кыш мезгилинде электр энергиясын үнөмдүү пайдаланылбаса өчүрүүлөр орун алаарын эскертишкен. Ушул күндөрү ар кайсы жерлерде жарык кезек менен үзүлүп жатканы кабарланууда. Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу кыргыз өкмөтү күз-кыш айларында коңшу Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алууда.

Биздин мамлекет суу ресурстарына бай, совет мамлекети учурунда курулган ГЭСтер тырмаңдап ушул күнү да электр берип келатат. Эгемендүүлүктү алганыбыз ГЭС куруу боюнча жакшы долбоорлор болду, бирок ар кандай себептер менен ишке ашкан жок. Эми да күн-түн дебей, бел чечпей иштеп Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтерин, Жогорку Нарын каскадын тез арада ишке киргизүү мезгилдин талабы. Токтогул ГЭСинде суу 6 млрд. куб метрге түшсө, ГЭСтеги абал кескин начарлай турганын энергетиктер эскертишет.

Жээнбеков Сооронбай
Токтогул гидроэлектр станциясын камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 10 млрд. куб метрден ылдыйлап баратат. 2020-жылы көрсөткүч 13 млрд. куб метр болгон. Башкача айтканда бир жыл мурункуга караганда суу 3 млрд. куб метрге азайды. Былтыр Кыргызстандагы бир катар коомдук уюмдар акыркы жылдары суу сактагычтагы суу белгисиз жагдайда агызылып келгенин, натыйжада жылына 5-10% кемип турганын билдирген. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы жайда «Биринчи радиодого» курган маектеринин биринде аба ырайына байланыштуу суу сактагычтарда суу аз топтолгонун, бул алдын ала божомолдонгонун маалымдаган. 2017-2018-жылдары «Токтогул» ГЭСиндеги суунун көлөмү күз-кыш мезгилине 19,2-19,6 млрд. куб метр менен кирген. 2019-жылы жайда 16 млрд. куб метр суу болсо, күзгө чейин ал 17 млрд. куб метрге жеткен.

Атамбаев Алмазбек
Ленин учурунда жазыптыр: «Коммунизм-бул совет мамлекетин плюс электрлештирүү» -деп. Коммунизмди болсо ортомчу фирмалар гана ойлоп калган. ГЭС салуу боюнча ойлор болуп, 2011-жылдан 2017-жылга чейин Жогорку Нарын каскаддарына ГЭС курам деп 38 млн доллар Орусиядан алынып жок болуп, мамлекет төлөмөр болду. Андан соң чехтердин аферист «Лигласс» фирмасы менен келишимдер түзүлүп, эл араң токтотуп калды. Ошол бойдон ГЭС курулган жок. 70 тыйынга түшүрүлгөн электр 2 сом 16 тыйынга көтөрүлгөн. Турдубаев министр кезинде өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 20-ноябрында «Электрэнергиясынын 2014-2017-жылдардагы тарифи жөнүндө» № 660 Токтомго кол койот. Бул Токтомдун негизинде Жылуулук –энергетика комплексинде Мамлекеттик агентчилик (ГАРТЭК) түзүлөт. Казакстандан 1 квт/ саат электрэнергияны 5 сом 61 тыйындан импорттоп алып жатабыз дешип, электрге болгон тарифти көтөрүшүп, 700 квт/ сааттан өткөн ар бир квт/ саат электрэнергиясынын наркын 300 пайызка көтөрөт, электрэнергиянын баасы 2 сом 16 тыйын болуп калат.Ушунун айынан 2014-2015-жылы гана калк 2 млрд. 200 млн сом ашыкча акча төлөшкөн, андан кийинки жылдарды эсептебей эле койолу. 2016-жылдын январынан баштап Казакстандан 1 квт/саат да электрэнергияны алышкан эмес, бирок электрэнергияга болгон баа төмөндөгөн эмес.
ТЭЦти капиталдык ремонттон өткөзүү үчүн ТВЕА ишканасына 386 миллион доллар алып келинип Кытайга карыз болдук. ТЭЦтин экс-директору Нурлан Өмүркул уулунун билдиргенине караганда ТЭЦти ремонт кылууга 250-260 млн доллар эле жетмек, калганы ашыкча дейт. Соттолгон министр Кубанычбек Турдубаев 2015-жылы гана ТЭЦке жабдыктарды сатып алуу үчүн 200 млн доллар кетирет. Документтер боюнча аттиштер -620 долларга, 30 килограммдык өрт өчүргүчтөр -1600 долларга сатып алынат. №4 казан (котел) 20,7 млн доллар болсо, консультанттардын жардамы 5,9 млн доллар, жетекчилерге кеткен чыгым 14,4 млн доллар болгон. Унаага кеткен чыгымдарга 9,3 млн доллар, долбоор түзүүгө– 11,9 млн доллар, ошолорду окутуш үчүн гана - 845 миң доллар коротулган. Курулушту убактылуу электр жана суу менен камсыз кылыш үчүн 453 миң доллар кеткен.
Бакиев Курманбек
2005-жылдан 2010-жылга чейин. Кыргызстандын экономикасынын оор кырдаалдарына карабай Камбар-Ата ГЭСи курула баштаган. Бишкек ТЭЦин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн эки долбоор каралып жаткан, бири 150 миллион долларга, экинчиси ТВЕА ишканасы 200 миллион долларга. Токтогул ГЭСинен Өзбекстан менен Казакстанды аралабай чет мамлекеттерден өз алдынча болуу үчүн «Датка-Кемин» долбоору жактырылып, ишке кирүү стадиясында турган.

Акаев Аскар
1990-жылдан 2005-жылга чейин 15 жыл. Эч бир ГЭС курулган эмес. ГЭСтерди, ТЭЦти менчиктештирүү боюнча бийлик тараптан катуу аракеттер болуп, акыры эл бийликти кетирүүгө мажбур болгон. Гиперинфляциядан улам электрге болгон нарк 1 квтка 1 тыйындан көтөрүлүп отуруп 140 сомго чыккан. Улуттук валюта киргизилип акчанын наркы 200 эсе түшүп, 1 квтка 70 тыйындан айланган. 1 тыйындан 14 000 тыйынга (140 сом) көтөрүлүү менен элдин эң таянган өзүбүздөн чыккан электри кол жеткиз товарга айланган.
Усубалиев –Масалиев
1961-жылдан баштап СССР тараганга чейин доор, отуз жылга чейинки убакыт. Кыргызстан киши башына электр берүү боюнча, бир гана СССРде эмес, дүйнөдө алдыңкы орунга чыккан. Токтогул, Шамалды-Сай, Күрп-Сай, Үч-Коргон, Таш-Көмүр, Быстровка жана башка көптөгөн ГЭСтер, Бишкек ТЭЦ-1 курулган. ТЭЦ-2 курулуп бүтүп калган. Электрге болгон нарк 1 квт саатка эң төмөн 1 тыйындан болгон. Ал эми мугалим сыяктуу кээ бир бюджеттик кызматкерлер бекер пайдаланган.

Раззаков Исхак
1950-жылдан 1961-жылга чейин 11-жыл Кыргызстан компартиясын жетектеген. Раззаков жетектеп жаткан учурда Аламүдүн, Лебединовка, Пржевальск ГЭСтери курулган. Ильич шамын көрбөгөн көп айыл-кыштактарды электрлештирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости