www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Монголянын Дундговь аймагында кум аралаш катуу бороондон кийин 6 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Дундговь аймагынын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдирди.

Бороондон кийин 5 чабандын жана 1 жаш баланын сөөгү табылган.

Монголиянын өзгөчө кырдаалдар башкы башкармалыгы билдиргендей, 13-марттан бүгүн, 15-мартка чейин өлкөнүн 9 аймагында 548 адам дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Алардын ичинен 467 адам табылды. Куткаруучулар калган 81 кишини издеп жатышат.

Аны менен бирге жергиликтүү массалык маалымат каражаттары өткөн дем алыш күндөрү батыш Монголиянын айрым аймактарында бороондон улам электр жарыгы өчкөнүн жазышты.

Кум аралашкан катуу бороондон коңшу Кытай дагы жабыркады. Кытайдын түндүгүндө жана борбору Пекинде бүгүн, 15-мартта кум аралашкан катуу бороон катталды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости