www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-март күнү президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен видео көпүрөдө кезигишет. Кабарды КР өлкө башчысынын маалымат катчысы Галина Байтерек тастыктады.

Эки өлкөнүн лидерлери ал күнү Талас облусундагы "Жерүй" алтын иштетүү фабрикасын ачышат. Жапаров аталган аймакка иш сапары менен барса, Россия президенти видео аркылуу байланышка чыгат.

Видео байланыш тууралуу толук маалымат кийинчерээк берилери кошумчаланды.

Эске салсак, 2020-жылдын 6-октябрында Жерүй алтын кениндеги «Альянс Алтын» компаниясы белгисиз адамдар кирип барганына байланыштуу ишин токтоткон. Быйылкы жылдын башында ошол кездеги премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков «Алтын Альянс» компаниясынын жетекчиси менен жолугушуп, инвестор, өкмөт жана жергиликтүү тургундардын ортосундагы талаш маселелер жөнгө салынганын билдирген.

Жерүй — Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Анда 100 миң тоннага чукул алтын бар экени белгилүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости