www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда кооптуу делген вирустун очогу табылды

Кытайдагы тери өндүрүүчү чарбалар, өнөр жайлар жаңы вирустун тукумунун жайылышына алып келиши мүмкүн. Ал жерде жаныбарлар начар шартта жашагандыктан ар кандай ооруларга тез-тез кабылышат.

Адистер 13 тери фермаларын карап чыгып, алар келечектеги пандемияга каршы убакыт бомбасы деген жыйынтыкка келишти. Кичинекей капастарда багылган оорулуу жаныбарлар көптөгөн өлкөлөрдө кеңири жайылган көрүнүш дешет адистер. Мындан тышкары, чарбалардын биринде ракот иттери табылган, алар эс-учун жоготуп, шал болуп, жүрөгү токтоп, оор өлүмгө дуушар болушкан.

Изилдөөнүн авторлору жаныбарлар мындай жерлерде туруктуу стресс болуп турса, «вирустун чыгышы» көбөйтөт деп баса белгилешкен. Адистердин айтымында, жаныбарлар бири-бирине жакын жайгаштырылып, аларды азапка салган зоологиялык чарбалар жана базарлар жабылып, тыюу салынышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости