www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ат-Башы райондук сотунда айылдашынын малга тоют катары жыйнаган чөбүн өрттөгөн адамга карата өкүм чыкты. Бул тууралуу сотко таянып жергиликтүү басылма жазды.
Маалыматка караганда, Ат-Башы районунун айылдарынын биринин тургуну, жеке ветеринар Жолболду (аты өзгөртүлдү Ж.Ж.) айыл өкмөттүн буйругуна ылайык 5-мартта жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында айыл ичинде жүргөн жолбун иттерди атуу иштерин жүргүзгөн. Ошол учурда айыпталуучу Асылбектин (аты өзгөртүлдү Ж. уулу А.) итин көчөдө жүргөн жеринен аттырган. Буга Асылбектин ачуусу келип, 7-март күнү саат 21:00 чамасында ветеринар Жолболдудан өч алуу үчүн анын үйүнө барган. Анын үйүнө барганда үйдөн эч ким чыкпай коюп, короосунда жыйылып турган 1000 боо чөбүнө өрт коюп туруп кетип калган. Натыйжада жабырлануучу Жолболдуга 150 миң сом зыян келтирилген. Аталган зыян тергөө учурунда толугу менен өндүрүлүп берилген.
Соттук отурумда айыпталуучу Асылбек күнөөсүн толугу толугу менен мойнуна алды. Ал итин аттырып жиберген Жолболдунун үйүнө барса эч ким чыкпай койгондуктан короосуна кирип чөпкө ширеңке чагып ыргытып койгонун айтты. 1 саат өтпөй милиция кызматкерлери үйүнө келип кармашкан. Ал жабырлануучуга чыгымды толугу менен төлөп бергендигин белгилеп, жазадан бошотууну суранды.
Сотто жабырлануучу Жолболду 7-март күнү малга тактама жазганы конторго келип отурса, 21:15 чамасында апасы телефон чалып, «балам чөп өрттөнүп жатат, келе калчы» дегенин айтты. Ал дароо үйүнө келип короодо жыйылып турган 1000 боо чөбү өрттөнүп жатканын көргөн. Өрт өчүрүүчүлөргө кабар берип, алар келгенче кошуналар болуп өрттү өчүргөнгө аракет кылышкан. Аңгыча милиция кызматкерлери да келип, өрттү саат түнкү саат 00:30 чамасында өчүрүшкөн. Жолболду буга катар эле Асылбек келтирилген чыгымды төлөп бергендигин, өз ара элдешкендигин, ага эч кандай доосу жоктугун айтып, ишти кыскартып берүүнү сурады.
Сот иштин материалдарын карап чыгып, Асылбекти Жазык кодексинин 210-беренеси (бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу) боюнча айыптуу деп таап, 50 миң сом айып салуу менен 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратты. Бирок Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү мыйзамга ылайык эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотту.
Булак: NazarNews.kg