www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда коронавирустан үйүндө дарыланып жаткандарга дары-дармек акысыз берилет. Мындай чечим Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун катышуусу менен өткөн жыйында кабыл алынганын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын комиссия 17-июлда өткөн жыйында мындан тышкары коронавирустан үйүндө дарыланып жаткандарга акысыз берилүүчү дары-дармектердин тизмеси бекитти. Алардын ичинде гидроксихлороксин, азитромицин, парацетамол, С витамини жана бир жолу колдонулуучу медициналык беткаптар бар.
Өзбекстанда коронавирус илдетине кабылып, бирок оорусу жеңил өтүп жаткан адамдар дарыгердин сунушу менен үйүндө дарыланат. Азырынча COVID-19 вирусун жуктуруп, бирок үйүндө дарыланып жаткан адамдардын саны тууралуу маалымат бериле элек.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча Өзбекстанда 18-июлда 289 адам коронавируска чалдыкканы аныкталды. Бир киши оорудан көз жумду.
Өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 15 896 адам. Илдет жуктурган 80 адам көз жумду. 9003 адам оорудан сакайды.
Булак: NazarNews.kg