www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында шайлоочулардын 10 пайызга жакыны добуш берди

Нарында шайлоочулардын 10 пайызга жакыны добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарындагы өкүлү Бакыт Өмүралиев билдирди. Анын айтымында, саат 10:00гө карата Нарын шаары боюнча шайлоочулардын 5% Нарын району боюнча 8% шайлоочу добуш берүүгө үлгүргөн. Ал эми облус боюнча 10% жакын шайлоочу катышты.

Аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 4-октябрда мыйзам бузуу фактысы катталган жок. Нарын облусу боюнча 171 шайлоо участкасы бар. Шайлоочулардын жалпы саны - 189 114.

Парламенттик шайлоо күнүндө Кыргызстанда 2 430 добушкана ачылган. Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Ош шаарларында кошумча добушканалар иштеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости