www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоого карата Түркияда Анкарадагы элчилик жана Стамбул шаарындагы башкы консулдуктун имараттарында шайлоо тилкеси ачылды. Бул тилкелерде Түркияда жашаган жана каттоодон өткөн кыргызстандыктар эртең мененки сегизден кечки сегизге чейин добуш бере алышат.

Белгилей кетсек, аталган эки тилкеде жалпысынан 1218 шайлоочу катталган. Анкарада 714, Стамбулдагы башкы консулдукта 504 шайлоочу бар. Анкарада добуш берүүчүлөрдүн саны мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу эки жарым эсе көбөйгөн. Стамбулда каттоодон өткөндөрдүн саны азайган.

Эске салсак, Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө 32 602 шайлоочу бар экенин кабарлаган. Алар үчүн 45 шайлоо участогунда добушканалар иштеп жатат.
2015-жылкы парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө 36 шайлоо участогу иштеген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости