www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШКнын координациялык тобуна 21 арыз келип түштү

Шайлоо башталгандан бери БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 21 арыз келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.

Ал ар бир арыз боюнча тиешелүү чара көрүлөрүн айтып өттү.

"Жабдыктардын иштебей жатат, айрым телеканалдарда үгүт материалдар көрсөтүлүүдө, белгисиз бир адам тизме чогултуп жатат, саясий партиялардын байкоочулары шайлоочуну кабинкага чейин коштоп барып жатат, акча таратуу, шайлоо кутусунун жанында кишилер отурат, адамдар ташылып жатат, айрым адамдарга белги коюлган беткаптар жана алдына ала белгиленген шайлоо бюллетендери берилип жатат ж.б. деген арыздануулар болууда. Ар бир мыйзам бузууга тиешелүү чара көрүлөт", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости