www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын гендердик жана жаш курагына байланыштуу маалыматын чыгарды. Ага ылайык жалпы добуш берүүчүлөрдүн 52,26% аялдар, 47,74% эркектер түзөт. 70 жаштан улуулар 4,47%, 60-69 жаштагылар 9,67% болсо, эң көп добуш берүүчүлөрдүн курагы 18 жаштан 29 жашка чейинкилер, алар 29,67 пайызды түзөт.

Ушундай эле анализ талапкерлердин арасында да жасалган. 7-чакырылыштагы парламентке жалпы 1339 эркек, 636 аял талапкер катталган.

Кыргызстан 4-октябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоону өлкө боюнча 5 миңден ашык медициналык кызматкер көзөмөлдөөдө. Шайлоочулардын арасында санитардык, гигиеналык тазалыкты сактоо үчүн 3 миллион 410 миң кошумча беткап бөлүнгөн. Дене табы жогору адамдар добушканаларга кечке маал кирип, добуш бере алышат.

Парламенттик шайлоо күнүндө Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган. Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Ош шаарларында кошумча добушканалар иштеп жатат. Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 16 партия ат салышууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости