www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаал оорлосо карантин чаралары күчөтүлүшү ыктымал. Бул тууралуу 4-октябрда премьер-министр Кубатбек Боронов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Министр соңку он күндө Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө ооругандар көп каттала баштаганын белгиледи.

Ошону менен катар премьер-министр өкмөт чектөөлөрдү киргизбөөгө колдон келишинче аракет жасарын белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда март айында башталган коронавирус эпидемиясы миңден ашуун адамдын өмүрүн алды. Бул илдет жалпысынан 47 миң 428 адамдын өмүрүн алды. Соңку бир күндө вирус менен 244 адам жаңы катталды. 1-2 жума мурда бир суткада оору жуккандар 40-50нүн тегерегинде катталып жаткан.

Эске салсак, коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтогон, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими уланууда. Карантиндик чектөөлөр бара-бара алынган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости