www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саат 12:00гө карата шайлоочулардын добушу айтылды

Саат 12:00гө карата Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде 624 миң 598 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын 17,73%ын түзөт.

"Бишкек - 84 миң 106, Ош шаарында - 37 миң 860, Жалал-Абад облусунда - 125 миң 225, Ысык-Көл облусунда - 47 миң 971, Нарын облусунда - 32 миң 260, Ош облусунда - 120 миң 423, Баткен облусунда - 49 миң 609, Талас облусунда - 28 миң 130, Чүй облусунда - 99 миң 13 шайлоочу добуш беришти", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости