www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында жубайлар унаада тоңуп каза болду. Бул тууралуу Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, унаадан табылган сөөктөр тууралуу маалымат милицияга 20-декабрда келип түшкөн.

Чакыруу болгон жерге келген ыкчам кызматкерлер Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынан токтоп турган Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унааны табышкан, анын ичинде эки адамдын: 38 жана 39 жаштагы эркек жана аялдын сөөгү табылган. Алар жубайлар болгон.

Алдын ала экспертиза маркумдар тоңуп каза болгонун, сөөктөрдө зордук-зомбулук менен өлүмдүн издери табылган эмес.

Керектүү экспертизалар дайындалды. Тергөөнүн алдын ала маалыматтарына караганда, жубайлар газдан жабыркаган. Алардын беш баласы калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости