www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон ар жылкы парламентке кайрылуусунда өлкөнүн билим берүү системасын кескин сынга алды. Мамлекет башчынын айтымында, бул тармак толугу менен реформаланышы керек.

"Программалардын, окуу пландарынын бардыгы эски. Мугалимдердин көбү студенттер менен иштөөнүн жаңы ыкмалары, технологиялары менен тааныш эмес. Биз өзүбүздү өзүбүз алдап, дипломдорду, документтерди берип жатабыз. Бул системаны толук реформалаш керек", — деди Рахмон.

Президент 10 жылдан кийин өкмөттө жана мамлекеттик кызматтарда эне тилинен тышкары дагы эки чет тилде эркин сүйлөгөн жарандар гана иштегидей мыйзам кабыл алууну сунуштады.

Рахмон өлкөнүн мамлекеттик телеканалдары түз эфирде көрсөтүп жаткан кайрылуусунда мындан тышкары социалдык, экономикалык, транспорттук, энергетикалык, инвестициялык жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери жөнүндө сөз кылып, кийинки төрт жылды "Өнөр жайды өнүктүрүү" жылы деп жарыялады.

Эмомали Рахмон өлкө Эгемендик алгандан бери Тажикстандын энергетика системасынын 75% реконструкцияланып, 287 чоң жана кичи электр станциялары курулганын билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, акыркы он жылдын ичинде өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык системасы түзүлүп, бул тармакка 59 миллиард сомони өлчөмүндө түз инвестиция тартылды. Президенттин мындай билдирүүсү өлкө тургундары айрым аймактарда электр энергиясы өчүрүлүп жатканына даттанып жаткан учурда айтылды. Бийлик бул өчүрүүлөрдү алдын-алуу жана техникалык иштер менен түшүндүрүүдө.

Рахмон мындан тышкары январдан тартып аскер кызматкерлеринин айлыгы 25% жогорулай турганын айтты. Ошондой эле президент кийинки жылдын июнь айынан тартып билим берүү, социалдык коргоо жана башка бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин айлыгын, студенттердин стипендияларын көбөйтүүнү тапшырды. Мамлекет башчынын айтымында, июлдун башынан тартып майыптар үчүн жөлөк пулдун өлчөмү 50% жогорулайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости