www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин эң кичүү күйөө баласы Отабек Умаровго Кыргыз Республикасынын ардак грамотасын тапшыруу жөнүндө жарлыкка кол койду.

Анда, «ММА'нын» Борбор Азиядагы конфедерациясынын башчысы, Азиянын олимпиадалык кеңешинин вице-президенти Умаров Отабек Мухаммадалиевич Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы маданият жана спорт тармагындагы кызматташуусун жана достугун бекемдөөгө кошкон салымы үчүн сыйлангандыгы айтылат.

Отабек Умаров — өзбек президентинин кызы Шахноза Мирзиёеванын күйөөсү. Өткөн жылы февраль айында «ММА'нын» Борбор Азиядагы конфедерациясынын башчысы болуп шайланган.

«ММА'нын» Борбор Азиядагы конфедерациясы 5 өлкөнүн: Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын «ММА» федерацияларынын башын бириктирип турат.

Отабек Умаров Шавкат Мирзиеевдин коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары болуп иштери дагы айтылат. Буга чейин Өзбекстандын «ММА» федерациясын жана Триатлон федерациясын жетектеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости