www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тарых таржымалы
Өтүп жаткан 2021 –жылы тарых илимдерини кандидаты, доцент Табылды Акеровдун «Усуни-кыргызы. Кыргызы на просторах Евразии» аттуу китеби жарык көрдү. Бул илимий эмгектин кыргыз элинин тарыхын изилдөөдө өзгөчө мааниге ээ экендиги айтпасак да белгилүү. Илгери Н.А.Аристов алгачкылардан болуп усундарды кыргыздардын ата-бабалары катары көрсөтүүгө аракет кылган. Бирок, анын бул жоромолу окумуштуулар жааматы тарыбынан колго алынбай келген. Табылды Акеров өзүнүн жогорудагы эмгегинде усуньдар менен кыргыздардын этникалык жакындыктары меселесине дагы бир жолу көңүл бөлүп, усуньдарды кыргыздардын ата-бабалары болгондугу тууралуу жоромолду бышыктаган илимий эмгегин сунуштаган. Анда төмөндө Т.Акеровдун эмгегинин эң негизги жоболоруна көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Усууньдар - кыргыздар. Бул проблема тарых илиминдеги бирден бир актуалдуу маселелердин бири. Н.А.Аристов «Усуни - кыргызы или кара кыргызы» деген эмгегинде усуньдарды Енисей кыргыздарынан бөлүнүп чыккан бир бөлүгү катары караган. Анын пикиринде усуньдар б. з. ч. II-кылымда Енисей кыргыздарынан бөлүнүп чыгып, адеп Жуңгар талааларынан жылып, анан Тенир-Тоого оошуп, бул жерден сак, юэчжилерди өзүлөрүнө каратып, Усуньго мамлекетин тиккен эл деп билген. Н.А.Аристов Батыш Түрк каганатынын курамындагы асиги (азык) жана гешу (кючюк) урууларынын аттары кыргыздардын азык жана кючюк урууларынын аттары менен салыштырып, биринчилерди усундардын тукумдары деген тыянакка келген. Усунь - бул Енисей кыргыздарынын төбөл уруусунун аты, ал эми бул элдин нукура аты кыргыз болгон деп жазган.
В.В.Бартольд Енисей кыргыздары алгач Батыш Монголиядагы Кыргыз-Нур көлүнүн тегерегинде жашагандыгын жазган. Тарыхый булактар боюнча бул чөлкөмдө кыргыздардын Ус ээлиги жайгашкан. Бул жерде ус уруусу менен бирге оң же оңдар же оңгут уруулары жашаган. Азыркы Тувада кыргыс, куулар жана моңгуш уруулары кездешет. Ушул маалыматтарга таянып, биз байыркы усундар кыргызстандын Ус ээлигинен чыккан ус жана он урууларынын бирикмеси болгон деген тыянакка келдик. Ошондуктан байыркы түрктөр усундардын Тенир-Тоодогу ээлигин басып алганда, бул чөлкөмдөгү төбөл уурунун атын алып салып, аларды жон гана он ок будун уруулары деп атап коюшкан болсо керек.
Сяньби союзунун башчысы Таншихай усундарды жана батыш хуннуларды талкалоо үчүн мукрин урууларынан турган аскерди Тенир-Тоого жөнөткөн. Абарлар мукриндердин жолун тосуп койгондуктан, алар максатына жетпей, усундардын мекенинде, аларга коңшу болуп, батышта калып калышкан. Байыркы түрктөрдүн доорунда кытай жазмаларында биз усундардын мекенинде асиги, гешу жана мукриндерди кезиктиребиз. Ал эми рун жазмаларындагы маалыматта Тенир-Тоодо тюргөштөр менен бирге аз уруусу жашап жатканы айтылат. Бул маалыматтар дагы усундардын теги ус (же ас/аз) уруулары менен байланыштуу экенин бышыктап турат.
Л.Гумилев кыргыздар менен хуннулар тыгыз этногенетикалык байланышта болгондугун белгилеген. Хуннулар Енисей кыргыздарынан чыгышта жашаган. Хуннулар (ант. Фрундар) союзу урагандан кийин алардын курамындагы чугэ, пугэ (бугу) төбөл уруулары Батыш Монголияда жашагандыгы белгилүү. Байыркы түрктөр мезгилинде булар чигилдер жана пугэ (пугу) аттарында белгилүү болушкан. Бирок кийинчирээк чигилдер жана пугулар Теңир-Тоого жер ооштурушкан. Чигилдерди да, пугуларды да Сабак деген төбөл клан башкарган. Кыргыздардын бугу уруусунун бийи Боромбай бий бугуларды Ысык-Көлдү мекендеген чигилдердин тукуму экенин маалымдаган. С.Аттокуров бугу уруусу илгертен «бурут» аталып келген деп жазат. Ошого кыргыздарга «бурут» аты хуннулардан мураска калганбы деп айтсак болот.
Кыргыздардын теги тууралуу
Кытай булактардын келтирилген байыркы түрктөрдүн ашина уруусунун санжырасы боюнча боору эненин 10 баласы болгон. Бирөө Куу (Ак куу), дагы бири Кыргыз деп аталып, Афу (Абакан) жана Гянь (Кем, Енисей) сууларынын аралыгын ээлеген. Куу уруусу азыркы куманды суунун тегерегинде жашаган. Кытай булактарында аларды ку-хэ (куу уруусунун суусу-дарыясы) деп аташкан. Булар куман же коман (Ак куу) урууларынын ата бабалары. Синологдордун пикиринде кытай булактарындагы кыргыздарды белгилеген этнонимдер «гэгунь», «гяньгунь, «гегу» ж.б. «кыркур», «кыркуз» формаларында болгон. Автору белгисиз Х кылымда жазылган «Худуд ал Аалам» китебинде кимак улусунда кыргыздарга таандык Каркыра хан областы болгондугу айтылат. С.Ахсикендини «Маджму ат-Таварих» эмгегинде кыргыздарды Каркырабектин кланы башкарганы айталат. Б.а. кыргыздарды каркыра тотеминдеги клан башкарган. Бул өңүттөн алганда байыркы түрктөрдүн санжырасында куу жана кыргыз уруулары бири-бирине тууган уруктардан болушкан. Кийинчирээк куман уруусунан кыпчактар келип чыккан, ал эми кыргыз (каркыра) уруусунан кыргыздар келип чыккан деп божомолдосок болчудай. Бул эки тууган уруктун бири (куу) Куманды суусунун боюн (Алтайда), ал эми экинчиси (каркыра, кыргыз) Енисей суусунун тегерегин жердеген. Кыязы, булар байыркы аз элин түзгөн. Ошого биз Батыш Монголияда жайгашкан байыркы кыргыздардын Ус улусу жайгашкан аймакта куулар (ак куу), кыргыз, мөңгүш урууларын кездештиребиз. Ногойлордун арасында куулар аз уругун жолуктурабыз.
«Кыргыз» этнониминин чечмелениши жөнүндө
Көпчүлүк окумуштуулар «кыргыз» этнонимин байыркы «кыр», «кыргу», «кырыг огуз» же азыркыча «кызыл» (кызыл огуз) сөзү менен байланыштырышат. Биз да ушул жоромолду туура деген пикирге келдик. Себеби, жогоруда белгиленгендей куман жана кыргыз уруулары тууган уруктардан болушкан. «Куман» сөзү бир эле учурда «ак кууну» жана ак саргыл жүздүү адамды түшүндүргөн. Ал эми «кыркыр» же кыргыз» термини да бир эле учурда «кызыл» жана каркыра» сөздөрүн түшүндүрөт. Анан калса, азыркы хакастардын кураманыда кызыл уруусу, ал эми тяньшань кыргыздарында «кызыл аяк (кесе)», «кызыл табак (кесе)», кызыл багыш, сары багыш ж.б.у.с. уруу-урук аттары кездешет. Б.а. «кыргыз» аталышы «куман» этнонимине маанилеш (сары, ак саргыл) кызыл, кызыл саргыл деген маанини түшүндүргөн.
Енисей кыргыздарынын Тенир-Тоого көчүүсү
Көпчүлүк окумуштуулар енисей кыргыздарынын Теңир-Тоого көчүп келишин аз урууларынын миграциясы менен байланыштырышат. VIII –кылымдын башында II-Чыгыш Түрк каганатынын төбөлдөрүнүн реваншисттик саясатынын негизинде аз, кыргыз, чумугун, үч карлук ж.б. бир топ чыгыш көчмөндөрү Тенир-Тоого жер которууга аргасыз болушкан. 711-жылы Култегин менен Тону Көк енисей кыргыздарына жоортул жасап, чечүүчү согушта Барсбек каган өлтүрүлгөн. 715-жылы Култегин аздарды Кара-Колдун жанында талкалаган. 742-жылы чумугундар качууга аргасыз болушкан. Ал эми 744-жылы II-Чыгыш Түрк каганаты талкаланып, анын ордуна тогуз огуздардын үстөмдүгү орногон.
Тарыхый булактардагы маалыматтарда да аз же азгиши урууларынын батышка жер которгондугу жөнүндө айтылат. Эгер Ибн Хардадбек азгиши уруусун Алтайда жайгаштырса, Ал Идриси азгишилер Фергана өрөөнүнүн тоолу райондорунда көчүп–конуп жүргөндүгүн жазган. М.Тынышпаев чумугун уруулары II-Чыгыш Түрк кагананытынын соккуларына чыдабай, батышка эки багытта жер ооштуруп кеткеннин жазган. Чумугундардын бир бөлүгү Батыш Казактанга көчүп кеткен. Азыркы кичүү жүз казактарынын ичиндеги алимулы уруулар бирикмелери чумугундардын тукумдары деп жазган. Булардын экинчи тобу Жети сууну көздөй көчүп, Кашкар аркылуу Фергана келген. Кыргыздарын ичиндеги кесек жана тейит урууларын чумугундардын тукумдары деп эсептейт. Анткен себеби, алимулынын курамында кара кисек, кара сакал ж.б. бир топ кыргыздардын этнонимиясында кездешкен уруу-уруктардын аттары кездешет. Анан калса, алимулылар доит (тейит) созун ураан катары колдонушкан.
Биздин баамыбызда, VIII-кылымда чыгыштан батышка биринин артынан бири көчө качкан аздар, кыргыздар, чумугундар коңшу уруулардан болгон. Булар бир эле мезгилде Батыш Казахстанга жана Жети-Сууга көчүшкөн. Биздин изилдөөлөр көрсөткөндөй алимулы кыргыздар менен жеке эле кесек, тейит уруулары аркылуу жакын ымалада болбостон, азык, саяк, нойгут, адыгине, багыш, кыпчак, кызыл аяк, кыдыршаа жана башка бир топ уруулар менен тыгыз байланышта болгон. А.А.Нурумбаев алимулылар менен кыргыздын азык уруусунун ортосундагы байланышты так аныктаган. Ал алимулынын торкара уругун алтайлыктардын төрт ас жана кыргыздын төрт тамгалуу азык (борю, байкючюк, козугуна, бычман) уруусу менен байланыштырган. Алимулынын төрөткара уругу ороз, орозгелди, караш жана жаншүкүр аттуу төрт уруктан тараса, караш уругу кёзгене (азыктар. козугуна), куламан, шынтас (аккииз) жана култас төрт бөлүктөн турган.
Түргөштөрдүн бир кагантын мукрин уруулары, ал эми экинчи канатын аздар башкарган. 715-жылы аздар Сулукту кагандыкка көтөрүшкөн. Анын хандыкка келиши, Барсбек каган өлгөндөн кийин, аздар менен енисейсей кыргыздарынын Тенир-Тоого жер ооштурушу мезгилине туура келет. Б.а. Барсбек өлгөндөн кийин, аздар менен кыргыздар Жети-Сууда Сулук каганды каган кылып, жаңы мамлекетти түптөөгө аракет кылган десек болот. Кыязы, отуз огландар союзу ошол Сулук кагандын дружиналары катары түзүлүшү мүмкүн. Б.а. Сулук каганды кыргыздардын биринчи каганы катары кароого толук мүмкүн.
IX-Xкылымдарда же Кыргыз Улуу Дөөлөттүгү доорунда аздар Жети-Суудан батышка жер ооштурушуп, Арал денизинин кыйырларына туруп калышат. Бул жерден кара калпак элинин калыптанышына чоң роль ойногон. Кийинчирээк Түндүк Кавказга, Кара-Деңиздин оюна, Крымга, Кубанга жылып, ал жакта карачай, адыги, черкез, крымчак, ногой, украин элдиринин калыптатуусуна катышкан. Ал эми аздардын Тенир-Тоолук бөлүгү ак калпак кыргыз элинин калыптануусунун өзөгүн түзгөн.
IX-X-кылымдарда енисей кыргыздары Кашкарга чейин кирип келип, Тенир-Тоо аймагын толук көзөмөлгө алган. Ал кезде стратегиялык Кашкар шаарынын тегерегинде эң кубатту деп эсептелген кыргыздар, чигилдер жана ягмалар гана жашаган. Кыргыздыр Алай аркылуу өтүп, Тоолуу Бадахшанга аскердик кароол коюп, Самарканд, Бухара шаарларына өткөн Улуу Жибек жолун көзөмөлгө алганга жетишкен. Бекран кыргыздардын бир бөлүгүн карлуктар жашаган Тоолуу Бадахшанга жайгаштырган. Бул чөлкөмгө кыргыздар өздөрүнүн союздаштары карлуктардын жардамы менен келиши мүмкүн.
X-XI-кылымдарда кыргыздар теңиртоолук аз жана тухчи урууларын сиңирип алганга жетишишкен. Мисалы, кыргыздарын чоң багыш урусунун курамында «асыгаалы» жана «тинчин» («тухси») уруктары кездешет. Кыргыздардын сол канат уруулары X-XI-кылымдарда Жети-Сууга жер ооштуруп келген кыргыз, огуз, карлук, кыпчак урууларынын негизинде куралган. Ал эми оң канат жана ичкилик уруулары моңголдор доорунда келген кыргыз уруулары тарабынан түзүлгөн десек болчудай.
Алтын Ордо кыргыз хандыгы (Моңголдор доорундагы кыргыздар)
Моңголдор доорунда кыргыздар Хорчи (бахрин) улусуна караган. Бул улус бахриндер жана енисей кырыздары, аз уруларынын жерлеринин негизинде түзүлгөн. Бул улуска бүтүндөй токой уруулары кирген. Кийинчирээк бул улустун уруулары кыргыздарга жуурулушуп кеткен. Б.а. Хорчи улусун кыргыздардын ээлиги катары карасак болот. Утемиш Кожо “аз ширин союзуна аз-шириндер, кыпчактар, бахриндер, аргындар кирет” деп жазат. Бул уруулар Хорчи улусуна караштуу токой урууларынан болгон. Кыргыздар да бул союз менен тыгыз байланышта болгон.
Аз-ширин союзунун түзүлүшү менен кыргыздар менен аз-ширин урууларынын Ак-Ордо жана Алтын Ордого таасири күчөгөн. Утемиш Кожонун маалыматтары боюнча ошол кезде алтайлык кыргыздар Казан шаарынын жанында турушкан. Алар Тайгуга улусун жетектеген чингизид Айбакка баш ийишип, анын карамагында болушкан. Кыргыздар Ак-Ордо ханзадасы Мубарак шахты Алтын Ордого хан кылышкан. Ал эми аз-ширин урулар союзу жана кыргыздар Токтомуш ханды Алтын ордого хан кылышкан. Б.а. Ак-Ордо жана Алтын Ордону кыргыз хандыгы деп айтсак да болот. Кыргыздар Токтомуш хандын жардамы менен Теңир тоого жер которуп келишкен.
Аңга төрө ээлиги – кыргыз улусу
Бирок кыргыз урууларынын Жети-Сууга көчүп келиши Хайду хандын мезгилинен башталган. 1269-жылы Чагатай менен Угудейдин тукумдары Таласта Хайду мамлекетин курганда бахриндер менен чериктер Хорчи улусунан бөлүнүп чыгып, Хайдуга кошулушкан. Кийинчирээк Хорчи улусунун урууларынын көпчүлүгү Жети-Сууга көчүп келишкен. Бул жерде келгиндер Аңга төрө улусун түптөшкөн. Аңга төрө улусуна акырындык менен бардык кыргыз уруулары бириккен. Биздин баамыбызда бул улуска азык уруусу да кирген. Мисалы, С.Ахсикенди Аңга төрө менен Амир Темирдин атасы Тарагайдын Абдырахманбек аттуу күйө баласы куда болгондугун жазат. Амир Тимур Абдырахманбекке Аксыны башкарууга берген. Аңга төрө Абдырахманбектин уулу Абдраимбекке өз кызы Гүлканды күйөгө берип кудалашат. Кыргыздардын азык уруусунун санжырасында да биз Абдырахманбек деген адамды кезиктиребез. Ал Абдырахманбек Азык деген фамилияны алып жүргөн жана азыктардын ата-бабасы катары көрсөтүлгөн. Аңга төрө Абдырахманбекти Амир Тимурга элчиликти баштап барууну тапшырат. Элчиликтин негизги максаты Амир Тимурга колго түшүп калган Аңга төрөнүн союздаштары кыргыз уруу жана аскер башчыларын боштондукка чыгаруу болгон. Абдырахманбектин жардамы менен кыргыз аскер башчылары бошотулган. Ошондо Аңга төрөнүн улусу кыргыздар менен тыгыз этникалык байланышта болгондугун көрсөк болот. Б.а. Аңгө төрө Чериктин улусу кыргыздардын улусу болгон деп айтсак жаңылышкан болбоспуз.
Булак: Жаңы Ордо гезити