www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскар Акаевдин жеке жактоочусу ишмер, экс-министр Бекболот Талгарбеков үчүн бул жылы таалайлуу жыл болду. Дегенибиз тунгуч президентибиз Аскар Акаевге жактоочулук кылып, ойлогону ишке ашып, ооматтуу болуп, жымыңдап төрдө ысык чай ичип өзүн олжолуу сезип олтурган мезгили.

Талгарбеков, Аскар “атасына” чаң жугузбайт. Ал тургай Акаевдин ак экендигин айтып бүтө албай, бул көрүнүштү Кудайдын буйругу деп түшүнөт. Акаевдин жемиштүү эмгегин айтып олтурса Талгарбеков көзүнө жаш алып, болгон эмгектерин колунун манжалары талып кеткенче санап кирет.

Ал тургай, Аскар Акаев «миллион кыргызды чет өлкөлөргө тентитти» деген суроого: --Бул карандай калп. 2005-жылга чейин өлкөдөн элүү миңдей адам чет жакка жумуш издеп кетишкен. Четте иштеп жүрүшкөн кыргыз мигранттарынын он пайызы 2000-2011-жылдар аралыгында, ал эми токсон пайызы 2012-2020-жылдар аралыгында Кыргызстандан кетишкен, деп элдин оозун ачырды.  

А баса, Талгарбеков Акаевди актагандан бери тымызын президент болом дегендер Бекболот Талгарбековго куда түшүп, кымыңдап тынымсыз ат тезегин кургатпай каттап жаткан мезгили экен. Анткени, Талгарбеков Акаев менен тыгыз мамиледе болгондуктан, Путин менен сүйлөшүүгө ыңгайлуу шарт түзүлүшү толугу менен мүмкүн дешүүдө.

Демек, Садыр Жапаровдон кийин ким президент болот Талгарбеков чечеби? – деген суроо жаралат. Анткени Акаевдин ажарын ачып берген Талгарбеков болсо, Талгарбековдун ажарын Путин ачып бериши мүмкүнбү? Ошондо Кыргызстандын тагдыры кайра эле кыйраткыч Акаев менен Талгарбековдун колунда калабы деген пикир жаралат. 

Дегенибиз менен Садыр Жапаровдон кийин Талгарбеков өзүм президент болуп калышым мүмкүн деп тамашага аралаштырып тар чөйрөдө кыткылыктап күлүп калганын айланасындагылар коомчулукка таратып жүрөт.

Айтор, канткен күндө дагы акыркы учурда кыргыз аткаминерлери Путинге жакпай бара жатканын эске сала жүрүшүбүз керек. Ага себеп биздин кит эмес, океанды кошо жутуп жиберген аткаминерлерден Путиндин көңүлү көк таштай калган.

Ошентип Кыргызстанда ушул тапта атагы аска-тоону жарган, периштедей таза Аскар Акаев менен ташы өйдө кулаган Талгарбековдон өткөн бактылуу адамдар жок. Жомоктун аягында эки инсан 2021-жылдын “Жылдын мыкты инсаны”, бири “Жылдын эң таза экс-президенти” наамына татыктуу болуп чыга келишти.

Мындан аркы мыкты куттуктоо менен батаны калдайган калк өзү берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости