www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин Орусиянын "Московский комсомолец" басымасындагы маегинде Кыргызстанда ага карата иштин баары жабылгандыгына байланыштуу мекенине көчөр-көчпөсү боюнча дагы кеп козголгон.
Журналист ага "Кыргызстанга кайтасызбы же Орусияда эле каласызбы?" деген суроо узаткан.
"Азырынча Орусияда болом. Себеби мында менин кызыктуу ишим бар. Учурда МГУнун механикалык-математикалык факультетинде иштеп жатам. Эң мыкты окумуштуулардын арасындамын. Илимий иш үчүн лидерлердин арасында болуу маанилүү. Чыгармачылык жаатындагы ал-күчүм барда МГУдагы ишимди уланткым келет. Анын үстүнө жакында эле мага I даражадагы Ломоносов сыйлыгы да берилди", — деди Акаев.
Акаев мындан ары Кыргызстанга каалаган учурда келип кете аларын, анын мекенине келишин эки президент макулдашканын дагы айтып берген.
Эске салсак, Аскар Акаевдин Кыргызстанга 14-декабрда келгени маалымдалган. Ал эми 20-декабрда УКМКнын ага карата эч кандай доосу жок экени кабарланды. Бирок УКМК бул боюнча расмий маалымат тарата элек.
Аскар Акаев ушул жылдын август айында 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, сурак берген. Андан кийин элге кайрылуу жасап, "Кумтөр" долбоору боюнча өкмөткө ишенип чечим кабыл ала бергенин айтып кыргызстандыктардан кечирим сураган.
Булак: NazarNews.kg